Финансылык башкарууну жана санариптештирүү программасын өркүндөтүүнүн алкагында Финансы министрлиги келерки жылдын 1-январынан тарта бир катар санариптик долбоорлорду ишке киргизүүдө.
Долбоор Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын базасында учурда бюджеттик уюмдарда иштеп жаткан ар кандай программалык продуктылардын ордуна бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун бирдиктүү маалыматтык программалык системасын ишке ашырууну көздөйт.
Финансылык контролдун бул моделин ишке киргизүү бюджеттик мекемелердин бүгүнкү күндө алар колдонгон ар кандай программалык продуктыларды тейлөөгө кетирилген чыгымдарды кыскартууда онлайн көзөмөлдү киргизүүнүн эсебинен мультипликативдик натыйжа берет.
Мындан сырткары, бюджеттик финансылык ресурстарды пайдалануу, чыгымдарды азайтуу жана бухгалтердик эсептин штаттык санын оптималдаштырууга да өбөлгө түзөт.