Жаңылыктар
ЕАЭБге төрагалык кылуу натыйжалуу болду
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБге төрагалык кылуу натыйжалуу болду

Кыргызстан ЕАЭБ органдарындагы төрагалык кылуу милдетин аяктоодо. Бул жылы Евразия экономикалык Биримдиги бир катар сыноолорго туш болгонуна карабастан, өлкө вазийпасын ийгиликтуу жыйынтыктоодо дешет эксперттер. Ар тараптуу санкциялык басымдар, анын кесепетинен валюта рыногундагы туруксуздук жана азык-түлүк тансыктыгы жаралып калуу коркунучу болуп турду. Бирок, Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун камсыздоо жаатында ыкчам кабыл алынган чечимдер өз натыйжаларын берди. Ошондой эле, акыркы 3 жылда биринчи жолу Кыргызстан альянска кирген өлкө лидерлерин Бишкекке чогултту. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине келген өлкө лидерлери жогорку деңгээлдеги даярдык менен кошо, жыл ийгиликтүү жыйынтыкталып жатканын да белгилешти. Жыйында өтө олуттуу делген 17 маселени талкуулап, анын 15и боюнча орток пикир табылган.