Кыргызстандын жогорку сапаттагы табигый балы жыл өткөн сайын суроо-талапка ээ болуп, экспорттун көрсөткүчү артып жатат. Жылына бир нече тонналаган бал ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана чет мамлекеттерге экспорт болот. Алардын катарында экспортко ыктаган бул ишкана 2013-жылдан бери бал жана бал азыктарын өндүрүп келет. Ишкана эң башкысы сапатка басым жасайт, экспортко чыгуу үчүн эл аралык сапат тастыктамаларын алууга жетишкен.