Жаңылыктар
Кыш киргенде калааны кара түтүн каптап, абанын булгануу көрсөткүчү чегинен ашып кетүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыш киргенде калааны кара түтүн каптап, абанын булгануу көрсөткүчү чегинен ашып кетүүдө

Бишкекте соңку жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланып, абанын кирдеши боюнча дүйнөдө алдыңкы саптардан түшпөй келет. Кыш киргенде эле калааны кара түтүн каптап, абанын булгануу көрсөткүчү чегинен ашып кетүүдө. Бул көйгөй Бишкектин ар бир жашоочусун тынчсыздандырат. Маселеге Президент өзү көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга жеке секторлорго рейд жүргүзүп, абаны булгап жаткандарды жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген. Сапатсыз көмүр жаккандыктан, мончолорду жылытууда өнөр жай калдыктарын пайдалангандыктан аба булганып жатканын конуштардын жашоочулары өздөрү да айтып жатышат.