Бермет Иманкулова өзүнө коюлган милдеттемени жакшы билет. Таң эртеден баштап, электр жабдыктарынын ар бирин карап, кайсы аймакта канча электр тогу колдонулуп жатканын саат сайын билдирип турушу керек. Нөөмөт учурунда түнкүсүн да өтө дыкаттык менен көзөмөлдөп турбаса, бул учурда электр жарыгын колдонгондор көп болуп, жабдыктар иштен чыгышы мүмкүн. Өз ишин сүйгөн айым, 40 жылдан бери дал ушундай нукта иштеп, элдин жарык жашоосу үчүн эмгегин арнап келет.