Жаңылыктар
Өлкөдө азык-түлүк кору жетиштүү көлөмдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө азык-түлүк кору жетиштүү көлөмдө

Өлкөдө азык-түлүк кору жетиштүү көлөмдө жана бул жаатта көйгөй жаралбайт. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. 

Анын айтымында, баалардын жеткиликтүүлүгү болсо коңшу мамлекеттердин базарларындагы кырдаалдан көбүрөөк көз каранды.

Ошондой эле, быйыл буудай жана ун менен камсыздоо кыскарганын белгиледи. Өткөн жылдын 11 айында 83 миң тонна буудай импорттодук. Быйыл бул көрсөткүч 10 миң тоннага аздык кылат. 

Учурда Россиядан сапаттуу жана арзаныраак дан алынып келип жатканы белгиленди. Ошондой эле, быйыл өлкөдө былтыркы жылга салыштырмалуу дыйканчылык жана мал чарба продукциясынын экспорту өскөнү айтылды.