Жаңылыктар
Мамлекеттик документтерди санариптештирүү жакшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик документтерди санариптештирүү жакшырды

Быйыл Калкты каттоо департаментинин Калкты паспорттоштуруу бөлүмүнүн түзүлгөндүгүнө 90, ал эми Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө 105 жыл толду. 

Калкты мамлекеттик каттоо, кыргыз жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү жаатында иш жүргүзгөн мекеме заман талабына жараша бардык иш кагаздарын санариптештирүүгө өткөрдү. Бул өз кезегинде калк үчүн бир топ ыңгайлуу жана түйшүгүн жеңилдетет. 

Мисалы, жарандардын паспорт алуусу жеңилдеди. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү онлайн форматта пилоттук режимге өткөрүлдү. 

Бүгүнкү күндө Калкты каттоо департаментинде 700дөн ашун кызматкер калкка кызмат көрсөтүүдө.