Жаңылыктар
Онлайн окутуунун мөөнөтү узарды
Кыргызстан жаңылыктары
Онлайн окутуунун мөөнөтү узарды

Бишкектеги жалпы билим берүү уюмдарында онлайн режимде окутуу 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Мында борбор калаада грипп жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгы эске алынган. Ал эми региондордогу окуу процесси боюнча жергиликтүү бийлик эпидемиологиялык кырдаалга жараша өз алдынча чечим кабыл алары айтылды. 

Бала бакчалардын иштеши же карантинге чыгуусу анын мамлекеттик жана менчик экендигине карабастан облустук жана райондук деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан берилген санитардык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталып турат. Буга чейин шаарда эпидемиологиялык абал начарлагандыктан мектептер 25-декабрга чейин карантинге жабылып, мугалимдер окуучуларды аралыктан окутуп жаткан.