Бишкек шаарында, жыл башынан бери талаптарды аткарбаган жарандардан 109 ок атуучу курал алынды.
“Арсенал” аталышындагы алдын-алуу иш-чарасында, алардын ээлери, сактоо эрежелерин жана каттоо мөөнөттөрүн бузгандыгы белгилүү болгон.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери борбордо курал-жарак сактоого уруксат алган 18 миңден ашык кишинин ар биринин жашаган жерине барып текшерүүгө алышкан.