Аламүдүн районунда тоноо фактысына шектелген жарандар кармалды.
Маалыматка ылайык, белгисиз эки адам Аламүдүн районунун Биримдик Кут жаңы конушунан жаранга күч колдонуп, коркутуп анын баасы 22 миң сом турган “Редми-11” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан.
Аталган факт Аламүдүн райондук ИИБне каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектелип 2004-2003-жылдары туулган жарандар кармалып, кылмыш иши соттук кароого жиберилди.