Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду.
Сүйүнбек Касмамбетов Касым-Жомарт Токаевди кайрадан Казакстандын Президенти болуп шайланышы менен куттуктап, жүргүзүп жаткан реформаларын кубаттады.
Казакстандын мамлекет башчысы ар тараптуу кызматташтык жана маданий иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы достукту, ынтымакты чыңдай тургандыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары жолугушууда Казакстан Президенти менен Кыргызстандын мамлекеттик катчысы кыргыз-казак достугу, эки элдин маданияты, өз ара бир туугандык алакасы боюнча пикир алмашты.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовду 2-даражадагы достук ордени менен сыйлоо жөнүндөгү буйрукка кол койгон.