Куралдуу күчтөрдүн Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда жаңы казарма кийинки жылдын жаз айларында курулуп бүтөт. Бул тууралуу окуу жайдын башчысы Канагат Уразбеков билдирди.
Кечээ аталган институтту күтүүсүз текшерүүгө алган Президент Садыр Жапаров да, курсанттарынын социалдык-турмуш шарттарын жакшыртуу маселелерин тез арада чечүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берген.
80 жылдык тарыхы бар аскер институту, Советтер союзунун баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун атын алып жүрөт. Республикадагы аскердик кадрларды даярдоочу жалгыз мекеме. Институтта курсанттар эки тармакта билим алышат. Чек ара ишмердүүлүгү жана мотоаткычтар бригадасы.