Жаңылыктар
Акеш Иманов дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Акеш Иманов дүйнөдөн кайтты

Билим берүү жана илим тармагы чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Иманов дүйнөдөн кайтты. 

Акеш Иманов Бишкектеги пединституттун кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Жогорку билим алгандын алгачкы 7 жылын Тажикстандын Мургаб жана Кыргызстандын Жети-Ѳгүз райондорундагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин VIII-X класстарында кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучу, окуу бѳлүмүнүн башчысы, мектеп директору кызматтарын аркалаган.

Кийин Улуттук университетте Кыргыз тили илими кафедрасынын аспиранты болуп, филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. «Кыргыз тилинин эки составдуу жѳнѳкѳй сүйлѳмдѳрүндѳгү сѳздѳрдүн орун тартиби» - деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Ошол эле улуттук университетте окутуучу, улук окутуучу, доцент болуп иштеген. 

Иманов илим кадрларын даярдоого да салымы зор. Ал филология илимдеринин 8 кандидатын, 1 докторун даярдаган. Өмүрүнүн акыркы учуруна чейин ал бир нече аспиранттын, изденүүчүлѳрдүн илимий жетекчиси жана 2 докторанттын консультанты болчу. Акеш Иманов билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн бир катар ардактуу наамдарга ээ болгон.