Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтары менен Бишкекти каптаган кара түтүндү азайтуу аракетинде. Борбордун четиндеги конуштарда, өнөр жай ишканаларында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Анткени сапатсыз көмүр, же синтетикалык каражаттарды колдонуудан аба булганып жатат. Ошол эле учурда абага зыяндуу заттарды чыгарган автоунаа ээлерине айып пул салынууда.