Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Чүй облусундагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Чүй облусундагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты. 

Ал Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Орловка шаарындагы от казанынын иштөө шартын көрүп чыкты. 

Министрлер Кабинетинин башчысы Кант жана Токмок шаарларында жаңыдан курулган заманбап от казандар менен дагы таанышты. 

Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга калкты электр энергиясы жана жылуулук менен сапаттуу камсыздоо, жылуулук берүүчү ишканалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн көзөмөлдөө, электр менен камсыздоо тутумундагы авариялык өчүрүүлөр жана бузулууларга ыкчам чара көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.