Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Модернизацияланган Майлуу-Суу лампа заводу жогорку сапаттагы продукция өндүрүүсү керек
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Модернизацияланган Майлуу-Суу лампа заводу жогорку сапаттагы продукция өндүрүүсү керек

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумуш кеңешме өткөрдү. 

Жыйындын алкагында ишкананын ишмердүүлүгү жана айнек идиштерди чыгаруу, айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлору боюнча бет ачар сунушталды. Заводго 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берилип, 400 млн сом өлчөмүндөгү биринчи транш бөлүнгөн. 

Жапаров белгилегендей, ишкана жогорку сапат стандарттарын жана өндүрүштүн натыйжалуулугун камсыз кылуу менен ишке толук кандуу киришүүгө тийиш. 

«Завод керек болсо күнү-түнү, бир нече нөөмөт менен иштеши керек. Министрлер Кабинети ишканага бюджеттик кредит берди жана биз насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз», — деди Акылбек Жапаров. 

Министрлер Кабинетинин чечими менен «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлүүчү товарлардын тизмеси бекитилген. 

Ишкана мамлекеттик жана бюджеттик уюмдарды, мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканаларды продукция менен камсыздайт.