Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында бир жумада 224 мас айдоочу аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын аймагында бир жумада 224 мас айдоочу аныкталды

Бир аптада Кыргызстан аймагында жол эрежесин бузган 13 миң 610 факты аныкталды. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын маалыматына ылайык, 62 айдоочуга тийиштүү документтери жок унаа башкаргандыгы үчүн айып салынган. 

224 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатып кармалса, 27 айдоочу унаа терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган. 283 айдоочу жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузса, 4 070 айдоочу транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузган. 

Башка жол эрежелерин бузган учурлардан 3 207 факты катталган.