CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун алкагында Сузак районунун Кыз-Көл жана Кыр-Жол айылындагы алыс аралыкка барып окуган мектеп окуучулары үчүн эки кичи автобус унаалары тапшырылды.
Алынган жаңы унаалар эки айылдын балдарын 8 чакырым алыста жайгашкан мектепке ташуу милдетин аткарат. Ага жалпы 72 миң АКШ доллары жумшалды.
Азыркы учурда Жалал-Абад облусунда CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун алкагында жазылган 19 долбоордун, 14ү ишке ашырылды.