Жаңылыктар
Перинаталдык борбордун реанимация бөлүмү оңдолду
Кыргызстан жаңылыктары
Перинаталдык борбордун реанимация бөлүмү оңдолду

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы Перинаталдык борборго барып, акушердик кызматтын иши менен таанышты. 

Баатырова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Кристин Жельм менен биргеликте жаңы төрөлгөн балдарды реанимациялоо бөлүмүнүн капиталдык оңдоодон кийинки ачылыш аземин өткөрдү. 

Ал операциялык бөлмөлөрдү, лабораторияны, 2-баскычтагы жаш балдарды кароо бөлүмүн карап, борборго төрөт менен келген аялдар жана туугандары менен баарлашты. 

Борбордун башкы дарыгери Жамила Марипова белгилегендей, алар быйыл жаңы төрөлгөн балдарды жандандыруу бөлүмүн жалпы 6 млн сомдон ашык акчага капиталдык оңдоодон өткөрүшкөн. 

Мындан сырткары, 2-баскычтагы жаш балдарды кароо бөлүмүндө косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Кошумча электр панелдери орнотулуп, жылуулук чынжырын кармап туруу үчүн эне менен ара төрөлгөн ымыркайлар чогуу жатышы үчүн палаталарга дубал конвекторлору орнотулуп, суюк кычкылтек менен борборлоштурулган жабдуу орнотулду.