Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Дүйнө чемпионаты - 2022 алкагында Доха шаарында Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.
Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү.
Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.