Жаңылыктар
Жоламан Шаршенбеков Бириккен Күрөш Уюмунун версиясында "Грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын мыкты балбаны" наамы үчүн ат салышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жоламан Шаршенбеков Бириккен Күрөш Уюмунун версиясында "Грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын мыкты балбаны" наамы үчүн ат салышууда

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен Күрөш Уюмунун версиясында "Грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын мыкты балбаны" наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады. Аталган наамды алууга дүйнөлүк деңгээлдеги беш балбан көрсөтүлгөн. Алар, Азербайжандык Эльданиз Азизли, Кыргызстандан Жоламан Шаршенбеков, Түркиядан Бурхан Акбудак менен Риза Каялп, Сербия балбаны Зураби Датунашвили.

2022-жылы Жоламан дүйнө чемпионатын, Азия чемпионатын жана Ислам тилектештик оюндарын утуп, ири эл аралык турнирлерден бир күмүш жана эки коло алды.

Эске сала кетсек, Шаршенбеков 20-декабрда Бишкекте өтө турган "Поддубныйдын күрөш лигасы" турниринин алкагында күрөшөт. Атаандашы Россиянын алдыңкы спортчусу Анвар Аллахьяров болмокчу.