Жаңылыктар
ЕЭК жыл жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
ЕЭК жыл жыйынтыгын чыгарды

Евразия Экономикалык Комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдагы жыйынтыктоочу кеңешмеси Москвада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында өттү.

Анда Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелерине ылайык медициналык багыттагы буюмдарды каттоого өтүүнү камсыздоо боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

Иш-чаралар планы 2026-жылдын 1-январынан тартып медициналык багыттагы буюмдарды бир гана Союздун мыйзамдары боюнча каттоого өтүүнү камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган. 

Мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. СТ-1 сертификатынын негизинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында өнөр жай товарларынын Евразиялык реестрине киргизилген товарлардын тизмеси товарлардын дагы 81 түрү менен толукталды. 

Маалыматтык технологияларды колдонуу менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуунун макулдашылган механизмдерин аныктоо жөнүндө баяндама каралды жана Автотранспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана башка техника түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формасын киргизүү жөнүнүдө макулдашуну ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө улуттук режимден бошотууларды белгилөө жөнүндө актыларды кабыл алуу жөнүндө Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин билдирүүлөрүн Комиссиянын кароо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Отурумда ошондой эле келерки жылдын 2-3-февралында Алматы шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын күн тартибинин долбоору бекитилди.