Жаңылыктар
Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер күн сайын иштеп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер күн сайын иштеп жатат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” менен “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери декабрдан тартып күн сайын иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бекеттер ишемби жана жекшемби күндөрү да иш алып барышат. 

Ошол эле учурда көзөмөл-өткөрүү жайлары Кыргызстанга Кытайдан чыккан жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын гана кыймылын камсыздоочу өзгөчө алгоритмге жараша иштейт.