Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” - деп жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын учурдагы 77-сессиясы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алды. Кыргызстандын демилгеси менен бул резолюция 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” - деп жарыяланды.
Резолюция бир добуштан добуш берүүсүз кабыл алынган. БУУнун 109 мүчө мамлекети ага авторлош катары кошулду. “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” жарыялоо жөнүндөгү демилге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго таандык.
Мамлекет башчы аны 2022-жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттары учурунда жарыялаган.
Резолюциянын кабыл алынышы Кыргызстандын көп жылдардан берки тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана анын бул маселедеги лидерлик позицияларын эл аралык деңгээлде тастыкталганы болуп саналат.