Жаңылыктар
Саламаттык сактоо министрлиги Инөнү Университети менен кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Саламаттык сактоо министрлиги Инөнү Университети менен кызматташат

Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова Түркиянын Инөнү Университетинин ректору доктор Ахмет Кызылай баштаган окумуштуулар делегациясы менен жолугушту. 

Инөнү Университетинин делегациясы тажрыйба жана маалымат алмашуу максатында келип, Бишкек шаарындагы үчүнчү баскычтагы адистештирилген саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери менен да жолугушуп өздөрүнүн орган алмаштыруу жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүштү. 

Инөнү Университетинин астындагы боор трансплантациялоо институтунун директору профессор Сезаи Йылмаз клиниканын жасаган жумуштары менен тааныштырып, анда жасалган боор трансплантациялоо боюнча операциялардын жасалышына кенен токтолду. 

Профессор белгилегендей университеттин клиникасында жылына 300-350 адамга боор трансплантациялоо боюнча операциялар жасалып, Түркияда алдынкы клиникалардын бири болуп саналарын баса белгиледи.

Министр Гулнара Баатырова жолугушуунун жыйынтыгы менен Инөнү университети жана Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүлөрүн айтып, биздин боор алмаштырууга муктаж болгон жарандарга жакшы мүмкүнчлүктөр ачыларын белгиледи. 

Ошондой эле Түркияга кыргыз медиктери барып, тажрыйба алмашып, окуп келери жана Кыргызстанда заманбап орган трансплантациялоочу клиника курулары пландалууда.