Акыйкатчы институтунун аппарат кызматкерлери Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы тез арада кызматтан бошотууну өтүнүп, Жогорку Кеңеш Төрагасына ачык кат жолдошту.
Каттын толук тексти социалдык тармактарга да жарыяланды. Анда Омбудсменди кызматтан четтетүүгө бир катар себептер жүйө катары келтирилген.
Ал эми Атыр Абдрахматова кайрылууда айтылгандарга кошулбай турганын, тескерисинче кызматкерлер жаңыча нукта иш алып баруудан качып жатканы айткан.