Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында алдын-ала баалоо боюнча Кыргызстанда ички дүң продукт 781 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 7 пайызга көп. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда Ички дүң продукциянын көлөмү үстүбүздөгү жылдын он айында 726 млрд сомдон ашты жана 4,8 пайызга көбөйдү.