Жаңылыктар
УКМК: Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарганы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарганы аныкталды

Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. 

Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Турак жай-курулуш департаментинин кызмат адамдары тарабынан документтерди кызматтык жасалмалоо жана жасалма подряд түзүү жолу менен, 30 миллион сомдон ашык бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча маалыматтар такталып алынган. 

2019-жылдын декабрь айында тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүү менен подрядчы жоопкерчилиги чектелген коомунун пайдасына 30 млн сомдон ашык суммадагы каражат республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылган эмес. 

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында подряддык компаниянын директору УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана бул кылмышка тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын аныктоого байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.