Жаңылыктар
Улуттук банк эки коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк эки коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди

Кыргызстандын Улуттук банкы эки коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди. 

Банктын расмий сайтында маалымдалгандай, ушул жылдын 12-декабрынан тартып спорт жаатындагы маанилүү окуяларды жана жетишкендиктерди белгилөө үчүн, дене тарбия менен спортту даңазалоо максатында «Спорт» сериясындагы «Азия оюндары» күмүш коллекциялык монетасын, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген, республиканын флорасынын сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактап калуу жана даңазалоо максатында «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясындагы «Кашкар бөрү карагаты» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. 

«Азия оюндары» тыйынынын алдыңкы бетинде Ханчжоу шаарындагы XIX Азия оюндарынын расмий эмблемасы түшүрүлгөн, анда кытай инь-янь символунун алкагында спорттун ар бир түрү боюнча Азия оюндарына катышуучу спортчулардын фигурасы пиктограмма түрүндө берилген.