Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Бириккен Араб Эмираттары Абу-Даби шаарында.
Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына теңтөрага катары катышат.
Андан соң Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өнөр жай объектилерин кыдырат, ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюулат.