Жаңылыктар
Бишкекте “Жаш мугалим депозити” сынагы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте “Жаш мугалим депозити” сынагы башталды

Сынакка Бишкек шаарынын мектептериндеги 2022-жылы жогорку окуу жайларды жана адистештирилген педагогикалык окуу жайларын аяктаган 100 мугалими катышат. 

Сынак үч этапта өткөрүлөт. 1-тур документтерди кабыл алуу 5-декабрынан 9-декабрына чейин болот. 2 тур тестирлөө 19-20-декабрларда өтөт. 3 тур аңгемелешүү 22-23-декабрларда болот. Сынактын жыйынтыгы 28-декабрда жарыяланылат. 

Программа Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен үч жылга бекитилген. Ал шаардын жалпы билим берүү уюмдарына жаш адистерди тартуу жана дайындоо, шаардын билим берүү уюмдарын кадрлар менен камсыздоо, жаш мугалимдерди материалдык жактан колдоо, иштөөсү үчүн социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу максатын көздөйт. 

Программа жаш мугалимдин атына депозиттик эсеп ачууну, жалпы билим берүү уюмунда үч жыл үзгүлтүксүз иштегенден кийин программада каралган бардык сумманы чегерүүнү жана төлөөнү камсыз кылат. 

Мындай схема жаш мугалимге финансылык колдоо көрсөтүүнүн формаларынын бири.