Жаңылыктар
Кыргызстандан дүйнөлүк рынокко баалуу металлдарды чыгаруу маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандан дүйнөлүк рынокко баалуу металлдарды чыгаруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын президенти Пол Фишер, Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын аткаруучу директору жана башкы юристи Сахила Мирза менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандан дүйнөлүк рынокко, анын ичинде британ рыногуна баалуу металлдарды чыгаруу маселесин талкуулашты. 

Кыргыз тарап үчүн ата мекендик алтынды дүйнөлүк рынокто сатууну жандандыруу жана соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн жогорулатуу милдети артыкчылыктуу экени белгиледи. 

Иш сапардын алкагында делегация бир катар эки тараптуу жолугушууларды, ошондой эле ири банк корпорациялары жана финансы институттары менен консультацияларды өткөрүүнү пландаштырууда.