Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири. Буга байланыштуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу боюнча долбоорлорду ашыруу милдети коюлган.
Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү маселеси боюнча өткөргөн кеңешмеде айтты.
Анда чакан ГЭСтердин өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан көйгөйлөр айтылды. Мунун негизги себептеринин бири ашыкча бюрократия. Уруксат берүүчү жол-жоболор куруу процессин жайлатууда.
Муну эске алуу менен чакан ГЭСтердин курулушун баштоону жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү, ошондой эле айыл чарба объектилерин электр энергиясы менен камсыз кыла турган мурда иштеп келген чакан станцияларды кайра түзүү сунушу айтылды.