Сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам Баткен жана Лейлек райондорунда электр жарыгына олуттуу зыян келтирилген эле. Анда чек ара айылдарындагы бир катар трансформаторлор, көмөкчү чордондор жана аба чубалгылары жараксыз абалга келген.
Мындан улам энергетика министирлиги калыбына келтирүү иштерин ыкчам колго алган. Ушул тапта оңдоо иштери толук аяктап, чек арадагы бардык жабыр тарткан аймактар үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз болууда.