Жаңылыктар
Улуттук жазуучулар союзу колдоого муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук  жазуучулар союзу колдоого муктаж

Улуттук жазуучулар союзу бүгүнкү күндө материалдык колдоого муктаж. 

Улуттук макамын алганы менен көптөн бери көңүл бурулбай келет. Жазуучулардын башын бириктирген уюм 1934-жылы уюшулуп, 2004-жылдан бери улуттук макамына ээ. 

Марафондо чогулган каражат улуттук жазуучулар союзунда көп жылдан бери турган карыздарын чечүүгө жана коммуналдык төлөмдөргө 1 млн 457 миң сом берүүгө сарпталат. 

Мындан сырткары эгерде каражат артса жазуучулардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кыргыз акын-жазуучуларын моралдык жана материалдык жактан колдоого жумшалмакчы.