Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Иш-чарага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.
Жыйынга катышуу үчүн кечээ кечинде Беларусь президенти Александр Лукащенко келген. Бүгүн эртең менен орус лидери Владимир Путин келди.
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгындагы Жогорку Евразиялык экономикалык жыйын УТРК, республикалык, облустук каналдардын эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз көрсөтүлөт.