Жаңылыктар
Бакыт Төрөбаев металлургдар менен тармактын негизги көйгөйлөрүн талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Бакыт Төрөбаев металлургдар менен тармактын негизги көйгөйлөрүн талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев металлургиялык ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда өлкөнүн металлургиялык комплексинин абалы жана өнүгүү келечегинин маселелери талкууланды. 

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, тармакты өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл, бул ири өндүрүш ишканаларынын экономикалык кайтарымдуулугун күчөтүүгө багытталган алдыга коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берет. 

Ишкана өкүлдөрү курч көйгөйлөрдү айтууга мүмкүнчүлүк берилгендиги жана өлкө жетекчилигинин ата мекендик металлургдарга колдоо көрсөтүү ниети үчүн ыраазылык билдиришти. 

Өндүрүшчүлөрдөн түшкөн сунуштарды угуп, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары аларды ар тараптан карап чыгууга жана көтөрүлгөн маселе боюнча тийиштүү чечимдерди тез арада кабыл алууга даяр экендигин билдирди.