Инвестициялар мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Андыктан Евразия мейкиндигинин чегинде биргелешкен инвестициялык аянтчаларды жана фонддор тутумун бириктирүү зарыл. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек инвестициялык саммитинде билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда жаңы инвестициялык долбоорлордо кичи жана орто бизнестин үлүшү 5,7%дан 1,3%га кыскарган. Ар бир өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүшү көптөгөн факторлордон көз каранды, бирок алардын ичинен эң негизгиси чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, өндүрүлгөн продукциянын экспортко багытталуусу болуп саналат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Саммит ири инфраструктуралык жана башка экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жаңы демилгелер сунуштала турган аянтча экендигин, санариптештирүү жана башка тармактарда кызматташуу илгерилей тургандыгын белгиледи.