Жаңылыктар
Ху Чуньхуа иш сапар менен Кыргызстанга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Ху Чуньхуа иш сапар менен Кыргызстанга келди

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа иш сапар менен Кыргызстанга келди. 

Конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Кытай өкмөтүнүн өкүлү ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жыйынына байкоочу катары катышат. Мындан сырткары бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.