Жаңылыктар
Нарын шаарынын тургуну экстремисттик уюмдан баш тартты
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарынын тургуну экстремисттик уюмдан баш тартты

Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар Нарын облусунун тургуну кармалды. 

Маалыматка ылайык, кармалган жаран жогорудагы тыюу салынган агымдын идеяларын активдүү жайылтып жүргөн. 

УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам иш-чаралар көрүлүп, облустук дин кызматкерлери менен биргеликте тургунга карата алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында, ал тандап алган жолунун туура эместигин эл алдында мойнуна алып, мындан ары бул экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө катышуудан баш тартты.

УКМК тарабынан экстремисттик көз караштардын алдын алуу жана “Йакын-Инкар” диний экстремисттик агымдын мүчөлүгүнөн чыгарууга багытталган иштер улантылат.