Жакында жаңы жыл!
Борбор калаанын багбандары жаңы жылдык майрамга карата «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын атайын техникасынын парады менен шаардыктардын көңүлүн көтөрүүнү чечти.
Жашылдандыруучулар күн сайын шаардын кызматындагы 3 атайын техниканы кооздошту.
Селди жана ирригацияларды тазалоочу атайын техникасы, МТЗ Беларусь 2112 трактору жана "ГАЗ" 51 автомунарасы параддын негизги каармандары болушту.