Бишкек шаардык ооруканасына эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 40-50 аял келет.
Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, гендердик зомбулукка каршы өтүп жаткан 16 күндүк кампаниянын алкагында Кыргызстандагы зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер жана балдар жөнүндө маалымат жыйын өткөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2021-жылы ИИМ сексуалдык зомбулук боюнча 604 учурду каттагандыгы айтылган. Анын 53 пайызы иштин курамында кылмыштуулук жоктугунан токтотулган.
Ушул жылдын беш ай аралыгында ИИМ үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун 3 988 учурун каттоого алган.
"Ал эми никеге туруу максатында кыз ала качуу 254 учур деп катталып, анын 84 пайызы иштин курамында кылмыштуулук жок деп өндүрүштөн кыскартылган. 10 151 учур үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катары катталган. Анын ичинен 8 463 аялга жана 264 балага убактылуу коргоо ордери берилген", — деп айтылат маалыматта.
Жыйындын катышуучулары ушул жылдын беш ай аралыгында ИИМ үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун 3 988 учурун каттоого алганын билдиришти. Аталган министрликке жылына үй-бүлөлүк жаңжалдар боюнча 8 миңден 10 миңге чейин телефон чалуулар болот.