Өткөн аптада оор абалда ооруканага жаткырылган актёр Азиз Мурадилаевдин боорун алмаштыруу үчүн тез аранын ичинде донор керек болууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында анын жакындары билдиришти.
Актердун апасы, эмгек сиңирген артист Анара Садыгалиева донор болмок, бирок жашы улгайгандыктан дарыгерлер уруксат берген эмес. Актердун калган жакындары жана туугандарынын канынын тобу туура келбей жаткандыгына байланыштуу, ушул тапта анын өмүрүн сактап калууга каны 2 топтогу оң резус фактор болгон донор изделүүдө.
Айта кетсек, боордун циррозу диагнозу коюлган актёрго жардам берүү максатында башталган атайын акциянын алкагында 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды 4-декабрда президент Садыр Жапаров которгон.
Ассоль Молдокматова, коомдук ишмер:
“Азиз азыр жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек. Эң көйгөйлүү маселе донор керек. Апасы донор болууга макул болгон, бирок дарыгерлер жашын эсепке алып каршы болушту. Россиядан 26 жаштагы кыргыз кызы чалып, донор болууга макул экенин билдирди, бирок кандын тобу экөөнүкү эки бөлөк болуп чыкты. Кайдыгер эмес жарандардан жардам күтөбүз”.