Жаңылыктар
Бүгүн Ош аэропортунда бир катар ички каттамдар жылдырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Ош аэропортунда бир катар ички каттамдар жылдырылды

Бүгүн, 5-декабрда "Ош" эл аралык аэропортун коюу туман каптагандыгына байланыштуу эртең мененки 7:40тан баштап айрым ички авиакаттамдардын графиги жылдырылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

- Ош-Бишкек (132) каттамы 7:45тен 11:40ка жылдырылды.

- Ош-Бишкек (106) каттамы 8:40тан 11:50гө жылдырылды.

- Ош-Бишкек (178) каттамы саат 10:40тан 12:30га которулду.

Аэропорттон белгилешкендей, "Манас" эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын графиги да жылдырылууда.

"МЭА" ААК жарандардан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.