Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга да кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кабыл алган. Документ ушул жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки мамлекеттин өкмөттөрү ортосундагы Кемпирабад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоону сунуштайт.
Макулдашуу Кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимге ылайык даярдалды. Максаты – суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешкен комиссия менен башкаруу.