«Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районунун Пульгон айылында Өзбекстан Республикасынын жараны М.К.А. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) башкаруусунда «Damas» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Бажы текшерүүсүндө автотранспорт каражатынын салонунан бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери жок ассортименттеги ат жабдыктары табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 858,65 кг түзгөн.
КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен райондук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 451 миң 670 сомду түздү.
Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.