Жаңылыктар
Өлкөдөгү чакан жана орто бизнестин абалы
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү чакан жана орто бизнестин абалы

Өлкөдө чакан өндүрүш өнүгүүдө. Мындай жыйынтык “Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин абалына жана анын экспорттук потенциалына баа берүү” боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында белгилүү болгон. 

Сурамжылоо 7-синен 28-сентябрга чейин жүргүзүлүп, ага 722 жеке ишкер жана юридикалык жактар катышкан. Респонденттердин болжол менен 50 пайызынын бизнеси туруктуу. 30% өнүгүп келе жатканын билдиришкен. Калгандары -- туруксуз, сатуу мүмкүнчүлүгү начар экенин айтышкан. 

Ошондой эле, көпчүлүк ишкерлер, мамлекет тарабынан каржылык колдоо керектигин белгилешкен. 

Мындан сырткары, респонденттердин 18% насыя кепилдиктерине муктаж болсо, 17% министрлер кабинетинен салык жеңилдиктерин күтүп жатышканы белгиленди.