Жаңылыктар
Акылбек Жапаров араб делегациясы менен ар тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров араб делегациясы менен ар тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Арабиянын инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр жетектеген делегацияны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай, бул ага Борбор Азия аймагында бир катар атаандаштык артыкчылыктарды берет.

"Кыргызстан Саудиянын ири компанияларын соода, инвестиция, айыл чарба, энергетика, илим жана билим берүү, туризм жана маданият, ошондой эле адал индустриясы тармагындагы долбоорлорго тартууга кызыкдар", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда бизнес өнөктөштүктү түзүү зарылдыгын белгилеп, саудиялык компаниялардын тажрыйбасын жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаалды эске алуу менен өлкөдөгү долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде Сауд Арабиянын инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр делегация мүчөлөрүн - айыл чарба, фармацевтика, энергетика, туризм жана башка тармактардагы алдыңкы компаниялардын жетекчилерин тааныштырды. 

Өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө толук кызыкдар экендигин билдирди. Тараптар көп тараптуу өз ара аракеттенүү алкагында кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашты.