ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Эсеп палаталары бажы төлөмдөрүн киргизүү жана бөлүштүрүү жана аларды мамлекеттик бюджетке чегерүү боюнча биргелешкен аудиттин жыйынтыгын чыгарды.
Жыйын Кыргызстандын төрагалыгы астында онлайн режиминде өттү.
Отурумда белгилегендей, 2021-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттерине ташып келүү бажы алымдарынын суммасынын түшүүсү 13,5 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда 2,3 млрд долларга же 20,5%га көп. Анын ичинен Армения – 31%, Беларусь – 3,3%, Казакстан – 20%, Орусия – 20,5% өскөн.
Ал эми кирешелердин эң көп өсүшү Кыргызстандын бюджетине туура келет. Тагыраагы, ташып келүү бажы алымдарынын суммасы 98% түзгөн.
Коллегия мүчөлөрү биргелешкен контролдук иш-чаранын жыйынтыгы боюнча отчетту бир добуштан бекитишти.