Балыкчы-Барскоон жолун толук оңдоп-түзөө иштери уланууда. Быйыл белгиленген иштерден асфальт жаткыруу соңуна чыгууда. Жолчулар ушул тапта жалпы жыйырма беш чакырымдагы калган тилкени асфальттоо ишин жыйынтыктоодо. Бирок муну менен жол оңдоо иштери токтотулбай, Жети-Өгүз районунун Тосор айылына чейинки аралыкта жер жумуштары улантылат. Эске салсак, бул ири долбоорду өлкө башчысынын тапшырмасы менен Ата мекендик жол куруучулар ишке ашырып, жалпы 141 чакырым жолду толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү белгиленген.